Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

АКШ президенти кытай жетекчиси менен сүйлөшүү өткөрөт


Учурда Кытайда үч күндүк сапарда жүргөн Барак Обама Бээжинге бүгүн Шанхайдан келди. Ал кытай президенти Ху Цзиньтао менен соода, Түндүк Корея менен Ирандын өзөктүк программасы, климаттын өзгөрүшү өңдүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү эртең өткөрөрү күтүлүүдө. Бээжинге келер алында бүгүн Шанхайда университет студенттери алдында сүйлөгзн сөзүндө Барак Обама АКШ менен Кытай душман эмес экенин белгиледи:

-Биз душман болушубуз керек деген түшүнүк күн мурунтан эле аныкталган эмес. Өткөндүн тажрыйбасын карасак мындай эмес. Чынында, биздин кызматташтыгыбыздан улам АКШ да, Кытай да кыйла байгер жана кыйла коопсуз. Биз эки тараптуу кызыкчылыктарга таянганда жана өз ара сый-урматка негизделген карым-катнаш түзүүдө эмнелер мүмкүн экенин көрдүк.

Барак Обама ошондой эле адамдардын баары, анын ичинде кытайлыктар да ой –пикирди эркин билдирүү, дин эркиндиги, маалыматты эркин алуу өңдүү жалпы адамзаттын универсалдуу укутарына ээ болуш керектигине да токтолду.

Кытай - Барак Обама президент катары Азия боюнча алгачкы сапарында келген үчүнчү өлкө. Ал буга чейин Жапония менен Сингапурда болду. Кытайдан соң Түштүк Кореяга барат.

XS
SM
MD
LG