Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

АКШ: Иран өзөктүк кубат жаатында тынчсыздантат


АКШ бийлиги Иранды өзөктүк кубат жаатында эл аралык коомчулуктун талабына дагы эле баш ийбей жатат деп билдирди.
АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Иан Келлинин маалымдашынча, Бириккен Улуттар Уюмунун атомдук агенттиги болгон МАГАТЭнин жаңы баяндамасы Иран эл аралык өзөктүк милдеттенмелерин толук аткарбай жаткандыгын көрсөттү. МАГАТЭнин кечээки (16-ноябрдагы) жарыясынан кийин Америка Кошмо Штаттары өзөктүк кубат маселесинде Тегеранга кысым көрсөтүүнү уланта берүүгө нийеттенип жатат. МАГАТЭ өз баяндамасында Тегеранды өзөктүк программасы боюнча толук маалымат бербеди деп күнөөлөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG