Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

Чочко тумоосу декабрь-январда күчөшү мүмкүн


Чочко тумоосуна чалдыккандыгы аныкталгандардын саны 44кө жетти. Алардын ичинен дарыланып жаткан бир сыркоо Ош шаарындагы ооруканалардын биринен качып кеткендиги маалымдалды. Адистер чочко тумоосуна чалдыккандыгы аныктала элек жарандар да аз эмес экенин болжоп жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин күчөгөн маалы декабрь -январь айларына туш келип, ал жалпы калктын 30 пайызын түзүшү мүмкүн деп болжоп, жарандарды тумоону алдын алуу эрежелерин туура сактоого чакырууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG