Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Баалардын көтөрүлүшүнө ДБнын тиешеси жок


Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бүгүн тараткан билдирүүдө айтылгандай энергетикага баалардын жогорулашы менен ДБнын карыз берүү программасынын эч кандай байланышы жок. Тарифтердин жогорулашы өлкөнүн өзүнүн чечими деп айтылган билдирүү акыркы убактарда айрым маалымат каражаттарында Дүйнөлүк банктын ноябр айынын башында Кыргызстанга келген делегациясынын басымы алдында баалар көтөрүлдү деп кабарланганына байланыштуу таратылды. Билдирүүдө айтылгандай ДБ Кыргызстанды мындан аркы өнүгүүсүндө жана өлкөгө экономикалык өсүш алып келе турган реформаларды жүргүзүүдө колдоону уланта бермекчи.

Энергетикага баалардын көтөрүлүшү менен эл арасында кыргыз бийлиги буга Дүйнөлүк банктын басымы алдында барды деген нааразылыктар болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG