Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

“Тоодо жашаган балдар кыялы” аттуу көргөзмө өтөт


ЮНИСЕФтен маалымдашкандай, жыл башынан бери сүрөтчүлөрдүн тобу Кыргызстандын, Тажикстандын жана Казакстандын түштүгүндөгү тоолуу райондорунда болуп, андагы кичинекей балдардын турмушуна күбө болуп кайтышкан. Алар өздөрүнүн эмгектеринде тоодо өтө оор шарттарда жашаган балдар эмне жөнүндө кыялданарын чагылдырууга аракет кылышкан. Эртең борборубуздагы “Колдо” арт-галереясында уюштурулуп жаткан көргөзмөдө катышуучулар сүрөттөр аркылуу ар бир баланын ички дүйнөсү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ушундай эле көргөзмөлөр “Сейтек” балдар чыгармачыл борборунда, Америкалык университетте, Кыргыз-орус Славян университетинде да уюштурулат. Ал эми биринчи декабрда бул сүрөттөр өкмөт үйүндө илинет.(AzK)

XS
SM
MD
LG