Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Кыймылсыз мүлккө салык төлөөчүлөр аз


Кыргызстандагы турак-жайлардын 1 пайызынан гана кыймылсыз мүлк үчүн салык алынат. Бул тууралуу КР мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Акматбек Келдибеков бүгүн тегерек үстөл жыйынында билдирди. Анын айтуусунда кыймылсыз мүлк салыгы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин 80 чарчы метрден, ал эми жер үйлөрдүн 150 чарчы метрден ашкандарынан гана алынат. А. Келдибековдун маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 879 миң 311 кыймылсыз мүлк катталган, анын ичинен салык төлөөчүлөрүнүн саны 4 899 турак-жай. “Бул - жалпы Кыргызстан боюнча кыймылсыз мүлктүн 1 пайызын гана түзөт, ал эми мындан алынуучу салык биздин эсеп боюнча 37,5 млн. сомду түзүүгө тийиш” дейт мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А. Келдибеков.

Кыймылсыз мүлккө салык быйыл жыл башынан тарта киргизилип, бирок президенттин буйругу менен келерки жаңы жылга чейин мораторий жарыяланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG