Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Турак-жай кодексинин долбоору талкууланды


Парламенттин агрардык саясат, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында комитет мүчөлөрү кодекстин жаңы долбоорундагы талаш жараткан ар бир беренеге токтолушту. Мисалы, кодекстин 29-беренесиндеги үйлөрү түрттүрүүгө туура келген жарандарды турак-жай менен камсыздоодо белгиленген нормалар боюнча мамлекеттик жана муниципиалдык турак-жай фондусунан үй берүү же турак жай сатып алууга каражат берүү маселесин конкреттештирип жазууну депутат А.Кулбаев сунуштады. Мындан сырткары, турак- жай мүлкүн башкаруу ким тарабынан жүргүзүлөрү боюнча бир канча варианттар сунушталды. Турак жай фондусунун сакталышын жана колдонулушун көзөмөлдөө жана координациялоо боюнча шаар мэрияларынын астында ыйгарым укуктуу орган түзүлүшү зарылдыгы айтылды. Жыйынтыгында баяндамачы Динара Молдошева жетектеген жумушчу комиссия депутаттардын сунуштарын талкуулап, жыйынтыгын комитеттин кийинки отурумуда карай тургандыгын билдирди.
Турак-жай кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча 2008-жылдын 16-октябрында парламенттин регионалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин чечими менен турак-жай кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия, жумушчу тобу түзүлгөн. Бир жылдан ашуун мезгилде 15тен ашуун «тегерек столдор», талкуулар өткөрүлүп, кызыкдар тараптардан 200дөн ашуун сунуш-пикирлер келип түшкөн. Бул туурасында парламенттин бама сөз кызматынан кабарлашты.(AzK)

XS
SM
MD
LG