Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

ЖК кыргыз-орус экономикалык кызматташтык долбоорун карайт


2010-2013-жылдарга негизделген бул программанын долбоорун Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитети бүгүн жактырып, парламенттин кароосуна киргизди. Кыргызстандын экономикалык жөнгө салуу боюнча министринин орун басары Санжар Муканбетовдун билдиришинче, бул жылы 2000-жылдан берки иштеп келе жаткан алгачкы экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-орус программасынын мөөнөтү бүтүп жатат. Ал эми экинчи программада эки тараптын жылуулук-энергетика жана агрардык комплексте, тоо-кен металлургиялык өндүрүшүндө, машина куруу жана башка тармактарда өз ара кызматташуусу каралган. Бул максаттарга жетүү үчүн эки тараптуу мамилелердин келишим-укуктук базасын жакшыртуу зарыл. Кыргызстандын статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2008-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда товар жүгүртүү 1808,7 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул көрсөткүч 2007-жылга салыштырмалуу 47 пайызга көп дегендик. (AzK)

XS
SM
MD
LG