Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

СДП фракциясындагы депутаттарды мандатын тапшырууга чакырып жатышат


Өзгөндүк социал-демократтар ЖКдагы партиялаштарын депутаттык мандатты тапшырууга чакырууда. СДПнын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, аймакта президенттик шайлоого дейре партиянын 7,5 миң мүчөсү болгон. Саясий куугунтуктоолордон кийин анын үч миңдейи гана калды. Жергиликтүү лидердин билдиришинче, өзгөндүк социал-демократтар өлкөдө хандык бийлик орногондугун, сөз эркиндигине чекит коюлгандыгын белгилеп, Жогорку Кеңештеги партиялаштарын мандатын тапшырууга чакырууда. Бийликчил «Ак жол» партиясынын Оштогу өкүлчүлүгү өзгөндүк СДПчылардын чакырыгын саясий чагым катары сыпаттады. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG