Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Өкмөт дыйкандардан буудай сатып алууда


Жалал-Абат облустундагы фермерлердин билдиришинче, өкмөт он сомдон сатып алып жаткан буудайларга болгон талап күчтүү. Катуу жана 3- класстан жогору турган буудай облуста өстүрүлбөйт. Мамлекеттик кампага сатып алмак болгон буудайдын көлөмү да облус үчүн аз өлчөмдө бөлүнгөн. Базардагы баасы өтө арзан болгон жана өздөрүндөгү ашыкча эгинди дыйкандар кайда сатып, быйылкы эмгегин кантип актап алаарын билбей турушат. Облбийлик агроөндүрүш корпорациясы фермерлерден 700 тоннадай эгин алганын, өкмөттүн эки токтому боюнча облустан 5754 тонна буудай сатып алынаарын, экинчи токтом боюнча буудайдын сатып алуу баасы чечиле электигин билдирди. Быйыл Жалал- Абадда 153 миң тонна буудай жыйналган. ( YA )

XS
SM
MD
LG