Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Кыргызстандан чыгып кеткен диний качкындар жардамга муктаж


Бул туурасында “Азаттыкка” Ноокат окуясынан кийин Кыргызстандан үй бүлөсү менен чыгып кетүүгө мажбур болгон Салика аттуу аял билдирди. Анын айтымында, алар хизбутчулардын катарына кирбесе да Кыргызстанда өздөрүнө карата укук коргоо органдары тарабынан болгон коркутуп үркүтүүлөрдөн улам Москвага качып кетүүгө аргасыз болушкан. Салика айым учурда үй бүлөсү менен Москва шаарында үй жайсыз, кайырчылык менен күн көрүп жатканын билдирди. Буга чейин алар жардам сурап бир катар уюмдарга, анын ичинде жакында Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына кайрылышкан. Салика айымдын айтымында алар бүгүнкү күнгө чейин жарытылуу жооп ала албай кабатыр. Өткөн жылы 1-октябрда Ноокатта Орозо айт күнү баш аламандык болуп, райадминистрациянын терезесинин айнектери талкаланган. Буга байланыштуу 32 адам кармалып, 19-майда Жогорку Сот тарабынан алардын көпчүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрү катары тополоң уюштурган деген айып тагылып, 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган.(AzK)

XS
SM
MD
LG