Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

"Кыргызгаз" "Узтрансгазга" карызын төлөп атат


“Кыргызгаз” жыл этегине чейин Өзбекстанга карызын толук төлөп бүтүүнү убада кылууда. “Кыргызгаз” ишканасынын акыркы маалыматына караганда кошуна өлкөгө газга карызы үчүн кыргыз тарап 3 млн. доллар төлөдү. Калган 8,5 млн. доллар газ пайдалануучулардан чогулган акчанын эсебинен жыл аягына чейин төлөнмөкчү. Өзбекстан менен Кыргызстан келерки жыл үчүн сатып ала турган газ үчүн макулдаша элек. Буга карыздардын толук төлөнүп бүтө электиги кедерги болууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG