Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Экс-министр Исаков соту уланууда


Бүгүн Бишкек горнизондук соту экс-министр Исмаил Исаковдун ишин кароону улантат. Акыркы эки отурумдан бери сот айыпталуучу аскерий үч кызматкерди сурап жатат. Дүйшөмбү күнкү отурумунда экс-министр сотто көрсөтмө берип, өзүнө тагылган айыпты бийликтин саясий кызыкчылыгы менен байланыштырды. Исаковго башкы прокуратура кызмат абалынан кыянат пайдаланган, майрамдарга негизсиз акча бөлгөн, Балыкчы аскер бөлүгүндөгү техникаларга көзөмөл жасаган эмес, өз уулуна өкмөттүк үйдөн турак-жай берген деген өңдүү айыптарды таккан. Оппозициядагы экс-министр Исаков азыркы бийликтин саясатына макул эместигин билдирип, бир жыл мурда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматынан өз каалоосу менен кеткен. (BuS)

XS
SM
MD
LG