Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Москвада жаш антифашист лидер атып өлтүрүлдү


Орусиянын жергиликтүү фашисттери менен күрөшкөн АНТИФА кыймылынын жетекчиси Иван Хуторскийди Москвада атып кетишти. Баш Прокуратуранын тергөө комиссиясынын башчысы Анатолий Багметтин Азаттыктын орус кызматына билдиришинче, Хуторскийдин өлүгү дүйшөмбүнүн түнүндө өз үйүнүн алдынан табылды. Комиссия 26 жаштагы активисттин өлүмүнө байланыштуу бир нече себепти, анын ичинде анын антифашисттик ишмердүүлүгүн карап жатат. АНТИФАнын активисти Алексей Григоревдин маалыматына ылайык, Орусияда соңку жылдары ушуну менен Хуторскийди кошкондо 10 антифашист өлтүрүлдү. Хуторскийди ашкере улутчулдар жана радикалдык топтор өлтүрөбүз деп көп коркутушчу, 2005-жылы ага эки ирет кол салышкан.

XS
SM
MD
LG