Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Башкы прокурордун бир айлык эмгек акысы 18 миң сом


Бүгүн Прокуратура кызматынын 85 жылдыгына карата Башкы прокуратурада ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев баш болгон прокуратура жетекчилери жолугушту. Элмурза Сатыбалдиев жолугушуу учурунда өлкөдө ар кайсы мезгилде болгон чуулгандуу кылмыштар жана прокуратура кызматынын иши тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, Аксы окуясына Жогорку Сот тарабынан чекит коюлуп, күнөөлүүлөр жазасын алышкан. Балыкчы, Петровкадагы окуялар боюнча кылмыш иште эч кандай саясат жок. Ал иштерди уюштургандар Кылмыш Кодексине жараша жазасын алыш керек жана сот бул ишке чекит коюш керек. Журналист Алишер Саиповдун атылышына байланыштуу кылмыш иш тергелип жатканын жана Саипов атылган тапанча табылганы кабарланды. Мурдагы президент Аскар Акаевге каршы козголгон 98 кылмыш иштин көпчүлүгү кыскарып, учурда өндүрүштө 18 кылмыш иши турат.
Кыргызстандын прокуратура кызматы 1924- жылы түзүлүп, бул органда учурда 820 кызматкер эмгектенүүдө. Алардын орточо эмгек маянасы 7 миң сом. Ал эми башкы прокурордун эмгек акысы 18 миң сом. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG