Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Ооган согушуна катышуучулар чатагы уланууда


Бүгүн Ооган согушунун арадагерлери маалымат жыйынын өткөрүп, анда уюмдун төрагасы Нурлан Төрөбековго коюлган айыптоолор четке кагылды. Ооган согушуна катышкан ардагерлер кеңешинин төрагасынын мурунку орун басарлары Сабыржан Мамбетов жана Чолпонбек Беккелдиев өткөн күндөрү маалымат жыйынын өткөрүп, анда Төрөбековдун Ооганстанда кызмат өтөгөнү күмөн туудурарын жана кеңеште коррупция орун алып жатканын билдиришкен.
Бүгүн Төрөбековдун тарапкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, анда Төрөбеков менен Ооганстанда кызмат өтөгөн адамды алып чыгышты. Алар ошондой эле Төрөбековдун атаандаштары 7-декабрда боло турган Ооганчылар уюмунун кеңешинин жетекчилигин кайра шайлоосуна мына ушундай жол менен карата даярдык көрүп жатат деп билдиришти. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG