Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

БЭК: Акыркы эки жылда парламент алдан тайды


Парламенттин жетимиш жылдыгын белгилөө камылгасына карата Бириккен Элдик Кыймыл билдирүү таратты. Анда БЭК элди бүгүнкү күндө кыргыз парламентаризминин негиздеринин жок болуп кетүүсүнө каршы чыгууга чакырат. Билдирүүдө Конституцияны өзгөртүү боюнча жүргүзүлгөн ар бир референдумдан кийин кыргыз парламентинин мамлекет башчысынан көз карандылыгы күчөгөндүгү белгиленген. “1990-2007-жылдардагы Жогорку Кеңеш эл аралык эксперттер тарабынан Борбор Азия регионунда күчтүү парламент катары таанылган. Акыркы эки жылда парламент өтө алсызданды. Бийликтин көрсөтмөсү менен “ак жолчулар” адам укуктарын жана эркиндиктерин, сөз эркиндигин чектеген, элдин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамдарды баш ийип кабыл алып келүүдө”,-деп айтылат билдирүүдө. БЭК азыркы Жогорку Кенешти парламенттин тарыхынынын бир бөлүгү боло албасын, анын мурунку чакырылыштагы парламенттин салымдарын өзүнө ыйгарып алууга моралдык жактан укугу жок экендигин белгилейт.
Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков БЭКтин мындай билдирүүсүн депутат болбой калган оппозиция өкүлдөрүнүн ич күйдүлүгү катары баалады. Анын айтымында, азыркы парламент көз карандысыз иштеп жатат жана анын ишинин үзүрүн убакыт көрсөтөт. Депутат азыркы парламент легендарлуу парламенттен кем эмес иштеп жатат деген оюн “Азаттыкка” билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG