Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:49

Өзбекстан ШКУ жыйынына катышкан жок


Шанхай кызматташтык уюмунун алдындагы анти-террористтик машыгуу боюнча үчүнчү айлампасы Алматыда ушул шейшемби күнү башталды. ШКУнун Өзбекстандан башка бардык мүчөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын делегациялары Казакстандын түштүк-чыгышындагы Отрар машыгуу жайында болушту. Мында келерки жылы 10 миң аскер катышкан машыгуу өтөт. Өзбекстан кийинки кездери Орусия менен Кытай үстөмдүк кылган Евразия Коопсуздук уюмуна катышын да чектеп койду. Сентябрда өзбек парламентинде мыйзам чет өлкөлөргө аскер жиберүүгө тыю салаары айтылып, ШКУнун анти-террор машыгууларына байкоочуларды гана жиберүүнү караган мыйзам кабыл алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG