Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

БЭК Парламенттин 70 жылдыгына билдирүү таратты


БЭК Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракесин утурлай тараткан өз билдирүүсүндө шаан-шөкөттүү майрам өткөрүүнү Кыргыз парламентин шылдыңдоо деп санап, парламентти жок кылуу курсуна каршылык билдирүүгө элди чакырды. Оппозиция Жогорку Кеңеш терең кризиске кирептер болду, бийликтин “Ак жол” партиясы мааракенин алкагында Кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө терең анализ жасап, кризистен чыгуунун жолдорун аныкташы керек болчу деп санайт.
Билдирүүдө айтылганга караганда 1990-2007-жылдар аралыгында Кыргыз парламенти Эл аралык таанымга ээ, күчтүү парламент атыккан. Бул жылдары тоталитаризмге каршы, эгемендик үчүн күрөштүн башатында туруп, эң демократиялуу Конституцияны кабыл алган. Акыркы 15 жылда Конституция беш ирет өзгөрүп, ар бир өзгөргөн сайын Жогорку Кеңеш мамлекет башчыга көбүрөөк көз каранды болуп калды деп айтылат билдирүүдө.
Жогорку Кеңеш парламенттин 70 жылдык мааракесин эртең президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда улуттук филармонияда белгилеген атат. Мааракенин алкагында кечээ төрага Айтибай Тагаев Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерин куттуктап, элүүдөн ашык кызматкерге сыйлык тапшырды. Бул күнү ошондой эле Тагаев маараке медалы менен КМШ ПААнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиевди сыйлады. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG