Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Петровка боюнча камактагылардын саламаттыгы начар


Петровка окуясы боюнча Москва райондук соту бүгүн күбөлөрдү суроону улантат. 17-ноябрдагы отурумунда сот коомдук коргоочулардын бири Топчубек Тургуналиевдин камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тил кат аркылуу убактылуу бошотуу сунушун четке какты. Адвокат Алексей Типеровдун билдиргенине караганда баш аламандык уюштурууга аракет кылды деп айыпталып жаткан укук коргоочулар Уран Рыскуловдун, Сапар Аргымбаевдин жана “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин саламаттыгы начарлап кетти. Адвокаттар айыпталуучулардын Москва районунда болушуна, сот жараяндарынын ыкчамдашына кызыкдар болуп атышат. Аталган үч айыпталуучу жети айдан бери Бишкекте камакта отурушат. Алар аптасына эки жолу Москва райондук сотуна ташылууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG