Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:20

Б.Хамраев Ошто кармалып турат


Россиялык “Мемориал” укук коргоо уюмунун өкүлү Бахром Хамраев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Ош облустук бөлүмүндө кармалып турат. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова бүгүн билдирди. Анын айтымында, Б.Хамроевге кандай айып коюлганы азырынча белгисиз. Ал кечээ күнү кармалган эле. Ошто 18-ноябрда кечке жуук “Мыйзам жана тартип” укук коргоо уюмунун лидери Изатилла Рахматиллаев да кармалып, таң атканча шаардык милицияда калууга мажбурланган.УКМКнын маалымат кызматы Б. Хамроевдин кармалышы боюнча азырынча эч кандай маалымат бере алышпасын билдиршти.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG