Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:40

КМУ «Европалык сапат» сыйлыгына көрсөтүлдү


Бул туурасында "Азаттыкка" И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирди. Европалык бизнес ассамблеясынын мындай сыйлыгына университет европалык стандартка жооп берген билим берүү кызматынын сапатын жогорулатууга жетишүүгө аракет кылгандыгы үчүн Рынок изилдөө борбору тарабынан көрсөтүлдү. Европалык бизнес ассамблеясынын эл аралык сыйлыктарынын лауреаттарынын урматына өткөрүлө турган иш чара 11-­12­-декабрда Австриянын Вена шаарында болот.

Бул сыйлык көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлерге, бизнес өкүлдөрүнө, илим жана маданиятка эмгек сиңирген жана заманбап дүйнөнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга ыйгарылып келет. Европалык бизнес ассамблеясынын бардык сыйлыктары Улуу Британияда каттого алынган. Сыйлыктын атрибуттары көрүнүктүү англис зергери Альфреда Виньецконун Лондондогу чыгармачылык ишканасында даярдалган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG