Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Балдарды зомбулуктан мыйзам коргой албай жатат


“Зомбулуксуз балалык”коомдук компаниясынын алкагында жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Кыргызстанда жылдан жылга балдарга карата болгон зомбулуктун түрдүү формалары күчөп бара жаткандыгы аныкталды. Буга балдарды эрте үй-бүлө курууга мажбурлоо, балдар сойкулугу, сексуалдык максатта балдарды сатуу, балдар секс-туризми өңдүү көрүнүштөрдү мисал катары көрсөтүүгө болот. Мындай жыйынтык аталган компаниянын алкагында Ысык-Көлдө курорттук сезондо иштеген балдарга карата жасалган сурамжылоонун негизинде жасалган.

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын тармагынын өкүлдөрү мындан сырткары мектептердеги айтылбаган көмүскө зомбулукту белгилеп, учурда Кыргызстанда мектептеги зомбулуктар боюнча статистикалык маалыматтар жок экендигин билдиришет. “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мыйзамында “Балдарга зомбулук көрсөтүү” деген түшүнүк жок. Мунун өзү коомчулуктун балдардын коопсуздугу маселесинен алыстап кеткендигинен кабар берет. Бирок балдар- ар бир өлкөнүн кол тийгис баалуулугу экендигин унутпоо керек”, - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйында Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдар тармагынын координатору Елена Воронина. Иш чара 19-ноябрда белгиленчү Дүйнөлүк балдар зомбулугун алдын алуу күнү жана 20-ноябрдагы Дүйнөлүк балдар күнүнүн алкагында уюштурулду. (AzK)

XS
SM
MD
LG