Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:33

Акыркы убакта банкротко учураган ишканалардын саны өстү. 39 компания толугу менен жабылды. Ошондой эле иши жүрбөй калган 355 орто жана ири ишкананы тиешелүү органдар аларды банкрот деп жарыялоо маселесин карап жатат.

27 жаштагы Адилет Айдаров жогорку окуу жайын аяктаган соң дароо ишкерчилик менен алектенип кеткен. Достору менен бирге курулуш материалдарын четтен алып келип сатчу. Ити чөп жеп, кадыресе бутуна туруп калганда ишканасы банкротко учурап калган:

-Фирманы эки жыл мурда ачкам. Былтыр ишканамды кеңейтейин деген ойдо ири суммада кредит алгам. Бирок проценттерин төлөй албай, карыздан кутулуу үчүн болгон мүлкүмдү сатып, отуруп калдым. Учурда курулуш фирмалары козу карындай жайнап, атаандаштык күч болуп атпайбы. Андыктан конкуренцияга туруштук бере албай калдым.

Ушул жылдын он айында 355 орто жана ири ишкана андан ары иш алып бара албастыгын билдирип, тиешелүү органдар аларды банкрот деп жарыялоо маселесин карап жатат. Ошондой эле отуз тогуз компания толугу менен жабылды.

2008-жылы 53 ишкана өз ишин токтууга мажбур болгон. Мындан тышкары Адилет өңдүү банкротко учураган жеке бизнесмендер дагы бир топ. Айрым маалыматтар боюнча, жаңы түзүлгөн ар бир үчүнчү фирма ар кыл себептерден улам жабылып калат.

Адистердин айтымында, өзгөчө каржы каатчылыгы бизнес үчүн чоң сыноолорду жаратып, ага туруштук бере албагандар банкротко учурады. Жаш экономист Данияр Жолчуевдин пикиринде, каатчылык учурунда мамлекет бизнеске өзгөчө колдоо көрсөтпөсө, ишин илгерилете албай калган бизнесмендердин саны барган сайын көбөйүшү мүмкүн:

-Каржы каатчылыгы убагында мамлекет ишкерлерге үстөк пайызы төмөн насыяларды берип, салык жаатында жеңилдиктерди жасаса аларга бир топ жардам болмок. Анткени кризиске туруштук бере албай бир топ компаниялар көмүскө иштеп же такыр эле жабылып калып атпайбы.

Ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Чыныбай Акуновдун пикиринде, ишкананын банкротко учурашынын эки чоң себеби бар. Бул насыя акчалардын үстөк пайызынын бийиктиги жана бүтпөс текшерүүлөр:

-Бизде насыялардын үстөк пайызы ушунча жогору экенин мындан билиңиз, кредит алган бизнесмен ишин өнүктүрмөк тургай, тескерисинче, бизнесин токтотууга мажбур болот. Мындан тышкары чиновниктердин бизнес жасоого уруксаат берүүсү да тозок. Алардын колуна көп акча карматсаң гана ишкерчиликке уруксаат ала аласың.

Алексей Николаев жыйырма жылдан бери ишкерчилик кылат. Учурда ал териден кийим-кече жасап саткан ири фабриканын ээси. Банкроттукту алдын алуу чаралары тууралуу ал буларды айтат:

-Албетте, эң башкысы бизнесмен көп эмгектениши керек. Ишкерчилик кылуу оңой эмес. Андыктан кыйынчылыктардан коркпой, чуркап иштөө зарыл. Эгерде ишкананын чыгымдары өтө эле чоң болуп, алган карыздардын наркы бийик болсо, бул банкроттуктун алгачкы белгилери. Мындан тышкары кызматкерлер менен башкаруучунун начар иш алып баруусу да компаниянын жабылып калышына алып келиши мүмкүн.

Жаш ишкер Евраз Осмоналиевдин айтымында, өлкөдө көптөр рыноктун абалын изилдебестен эле тобокелге салып бизнес баштайт. Бул өз кезегинде ишкердин сызга отуруп калышына алып келиши толук ыктымал.

-Бизде көптөр бизнести “кыргызча” жасашат да. Жөн гана тобокелге салып, олчойгон насыя алып, иштей баштайт. Бизнес план жазуу, рынокту изилдөө, атаандаштар тууралуу маалымат жыйнап, бизнес-тренингдерге катышуу дегенди жасашпайт. Көп учурда ушундай бизнес сырларын билбестик банкроттукка алып келет.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG