Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Нарында чочко тумоосуна шектүү наристе дарыланууда


18-ноябрь күнү Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө дене табы 40 даражага жеткен 4 жаш он айлык наристе жаткырылган. Ал Нарын облусунда алгач ирет чочко тумоосуна кабылган адам катары шектелүүдө. Бишкектен келген наристенин анализдери учурда Нарында лабаратория жок болгондуктан, Улуттук вирусологиялык лабараториясына жөнөтүлгөндүгү тууралуу Нарын райондук мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Сыяпат Сырдыбаева билдирди. Анализ толук чыгып келмейинче чочко тумоосу деп айтууга азырынча негиз жок деп кошумчалады Сырдыбаева. (JI)

XS
SM
MD
LG