Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияны талкуулай баштады


Билдирүүнү Обама Түштүк Кореяга сапары учурунда жасады, 19-ноябрь, 2009
Билдирүүнү Обама Түштүк Кореяга сапары учурунда жасады, 19-ноябрь, 2009

Барак Обама “Иран өзөктүк программасы боюнча МАГАТЭнин сунушун кабыл албаганы үчүн, аны жазалоонун жолдорун өнөктөштөрү менен талкуулай баштаганын” айтты.

Иран буга чейин Улуттар уюмунун уранды өзүндө эмес, Орусияда байытуу боюнча сунушун четке каккан.

Обама бейшембиде Түштүк Кореяда жасаган билдирүүсүндө Тегеран эларалык коомчулуктун сунушун четке каккандыктан, Америка азыр өзүнүн өнөктөштөрү менен Иранга каршы жазанын жолдорун сүйлөшө баштаганын айтты.

"Биз алдыдагы бир нече аптада Иран боюнча канчалык олуттуу мамиледе экенибизди даана айгинилеген аракеттерди жасайбыз деп турабыз", - деди америкалык президент.

Ошентип, Обама алдыда жаңы санкциялар болоорун кыйытканы менен, маселени жөнгө салууда дипломатиялык аракеттер дале улантылаарын жокко чыгарбады.

Иранга буга чейин Улуттар уюмунун Атомдук кубаттуулук боюнча эларалык агенттиги – МАГАТЭ – өзөктүк программасы боюнча сунушун жиберген. Ага ылайык, Тегеран 1200 килограмм уранын Орусияда байытууга жиберип, кийин өзүндө отун иретинде колдоно алмак. Ал эми Францияда өндүрүлө турган уран Иранга медициналык изилдөөлөр үчүн кайтарылып берилмек.

Мунун баары Иран уранды өзүндө байыта албашы үчүн сунушталган. Анткени Батыштагы айрым мамлекеттер “Иран уранды атомдук бомба жасаш үчүн байытып жатат” деп кооптонуп келишет.

Бирок Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки МАГАТЭнин сунушунда айтылган урандын көлөмү жетишсиз экенин билдирди. Бейшембиде Манилада сүйлөп жатып, Моттаки Батыш тараптан айтылып жаткан эскертүүлөргө да жообун бергенсиди.

Манучер Моттаки - Ирандын тышкы иштер министри. Манила, 19-ноябрь, 2009
"Биз буга көп деле көңүл бурган жокпуз. Санкциялар – 1960-70-жылдардын термини. Төрт жылдан бери булар санкция тууралуу эле айтып туруп алышты. Алар буга чейинки ийгиликсиз аракетин кайра кайталабаганга акылы жетет го дейм. Албетте, эмне кылса - өздөрүнүн эрки", - деди Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки.

Батыштан айтылган эскертүүлөргө каршы кескин жообун ушул эле күнү президент Махмуд Ахмединежад да берди. “Биз өз максаттарыбызга карай жыла беребиз, биздин душмандарыбыз мамлекетибиздин өнүгүшүн көрө албагандыктан ушундай деп жатышат” деген таризде сүйлөдү.

Иранга каршы Улуттар уюму жаңы санкция киргизе турган болсо, демилге уюмдун Коопсуздук кеңешине мүчө беш мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Орусия жана Кытай - тарабынан жактырылышы абзел.

Булардын ичинен Британия менен Франция Тегеранга каршы санкцияны колдой тургандыктарын буга чейин кыйытышкандай болду. Бирок Кытай болсо ушул аптада Обама Бейжинге барганда муну колдой тургандыгын кепилдеген жок. Орусиянын позициясы азырынча так эмес. Кремл буга чейин санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин такыр жокко чыгарбаганы менен, баары бир алгач дипломатиялык аракет көрүлүшүн жактайт.

Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу баш-кеңсесинде болсо Иранга каршы төртүнчү ирет санкция киргизүү маселеси олуттуу талкуулана баштаган өңдүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG