Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Бүгүн кыргыз-америка достук мелдеши аяктайт


Бүгүн Бишкекте баскетбол боюнча кыргыз-америка достук турниринин финалдык мелдеши өтөт. Иш чараны жабууга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллэр жана кыргызстандык тиешелүү тармак жетекчилери катышат. Кыргызстандын бардык аймактарынан 8 команданын катышуусундагы мелдеш 16-ноябрда башталып, ага АКШ элчилиги, Дене тарбия жана спорт агенттиги, Билим берүү министрлиги, Баскетбол федерациясы колдоо көрсөттү. АКШ элчилиги аймактардагы командалар үчүн оюнчулардын “Форвард” лигасынын устаттарынын катышуусунда көчмө машыгууларды уюштурду.
Жайында өткөн эл аралык Ысык-Көл спорт мелдештерине биринчи жолу АКШдан “Манас” аба майданындагы транзиттик борбордун кызматкери катышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG