Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Мэр “Баш калааны жаңылоо” программасын жарыялады


Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев үч жарым жылга эсептелген “Баш калааны жаңылоо” программасы 7 кадамдан турарын билдирди. Анда шаардагы ар бир көчө, үйлөргө чейин эсепке алынып, оңдо-түзөөлөр, жаңыртуулар болоорун айтты. Шаар башчысынын ырасташынча 57 чакырым жаңы жол салынат. Калаанын түштүк тарабынан өтүүчү авто жол чыгышынан Алма-Ата көчөсүнө, батышынан Бах көчөсүнөн өтүп узартылат. Ошондой эле турак үйлөрдүн жана мекемелердин алды жаңыртылып, мектептер, бала-бакчалар курулат. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG