Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Жогорку Кеңештин 70 жылдыгы белгиленди


Улуттук филармонияда өткөн кыргыз парламентинин 70 жылдык мааракесине арналган салтанатта төрага Айтибай Тагаев сөз сүйлөп, анда парламенттин соңку 70 жыл ичиндеги иштерине токтолуп, эгемендүү мамлекетти куруудагы албан ийгиликтерине токтолуп, парламент толук кандуу мыйзам чыгарууга жетишкен бийликтин бир бутагын түзгөнүн белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев маараке менен парламентарийлерди куттуктап, жарлыгы менен биркатар аргандай чакырылыштагы депутаттарга мамлекеттик жогорку сыйлыктарды тапшырды.

Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык Жогорку Кеңеш депутаты, белгилүү дарыгер Эрнаст Акрамов «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» деген ардактуу наам жана «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен сыйланды. Ошондой эле, Медеткан Шеримкулов, Мар Байджиев, Чолпон Баекова II даражадагы «Манас» ордени, Женишбек Бекболотов, Жусуп Иманалиев, Лейла Сыдыкова, Азизбек Турсунбаев «Даңк» медалы, депутат Гулнара Дербишева «Эне Даңк» медалы менен сыйланды.

Депутат Рашид Тагаев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи», Искандербек Гаипкулов, Кубанычбек Исабеков, Аскарбек Шадиев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» наамын алышты. Ошондой эле, депутаттар Бүмайрам Мамасейитова менен Аскар Салымбеков «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкери», Раиса Сидоренко «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген айыл чарба кызматкери», Осмонбек Артыкбаев менен Нарынбек Молдобаев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу», Улугбек Ормонов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген өнөр жай кызматкери» ардактуу наамдарына ээ болушту.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Адак грамоталары депутаттар Арзыбек Буркановго, Зиядин Жамалдиновго, Алтынбек Сулаймановго берилди. Ошондой эле, депутат Хаджимурат Коркмазовго милициянын генерал-майору атайын наамына арзыды. Ал эми Кыргыз ССРинин бирнече чакырылыштарына депутат болгон Керимкул Карабаевге ВАЗ-22-74 автомашинасы тапшырылып, ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасынын Адак грамотасы менен да сыйланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG