Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

ЮНИСЕФтин «Дүйнөдөгү балдар абалы» баяндамасы жарык көрдү


Балдар укуктары тууралуу Конвенциясынын кабыл алынышынын 20-жылдыгына карата ЮНИСЕФтин «Дүйнөдөгү балдар абалы» баяндамасы жарык көрдү. Баяндамада дүйнөдөгү балдар укуктарынын абалы тууралуу өкмөттүк жана көз карандысыз адистердин макалалары камтылган. Мындан тышкары анда 20 жылдан кийинки абалга да божомол берилип, балдар укуктарын коргоо жаатында сунуштар камтылат. Баяндамага ылайык дүйнөдө барган сайын балдардын билимге болгон укуктары жөнгө салынып, мектеп жашындагы балдардын 84 пайызы орто билим алган жетишти. Беш жашка чейинки балдар арасында өлүм 12, 5 млн-го кыскарды. Кыздарды эртелеп күйөөгө берүү дүйнөдө жалпысынан кыскаруу нугуна баратат. Ушу күндөрү Балдар укуктары тууралуу Конвенциясынын кабыл алынышынын 20-жылдыгына карата дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө 160дан ашык иш-чаралар өтүп жатат. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкулчүлүгүнүн калк менен байланышуу координатору Ольга Гребенникованын айтымында баяндамада Кыргызстандагы балдар тууралуу эчтеке айтылган эмес. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG