Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Ооганстанда жанкечтинин бүгүнкү чабуулунан 12 адам каза тапты


Полициянын маалыматына караганда, өлкөнүн түштүк батышындагы Фарах деген шаарда мотоцикл айдаган жанкечти өзүн эл котологон жерде жардырганда, кеминде 12 киши каза тапкандан тышкары 35 адам жаракат алды. Фарах - Ооганстандын Иран менен чектешкен провинциясы. Бул аралыкта Ооганстанга коңшу Пакистандын Пешевар шаарында бүгүн жол боюнда көмүлгөн бомба жарылуусунан 3 адам каза таап, 6 киши жаракат алды. Кечээ эле бул жерден жанкечтинин жардыруусунан 18 киши мерт болгон. Ушул айдын ичинде эле Пакистанда жанкечтилер жасаган сегиз жардыруунун алтоосу Пешеварда орун алды. Алардан 110 кишинин өмүрү кыйылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG