Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Орус өкмөт башчысы Европа газсыз калбасына ишендирүүдө


Владимир Путиндин соңку билдирүүсүнө караганда, учурда Украина менен түзүлгөн келишимдер Европа көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыздалышын кепилдейт жана ал Жаңы жыл газ көйгөйүсүз тосуларына үмүттөнөт. Орус өкмөт башчысы бул тууралуу кечээ Ялтада украин кесиптеши Юлия Тимошенко менен кездешкен соң айтты. Путиндин сөздөрүнө караганда, газ келишимдери келерки жыл үчүн Украинадагы экономикалык кризисти эске алуу менен кайра каралат. Ошондой эле Украина учурдагы келишимдерде көргөзүлгөн көлөмдөн аз газ алса, ага каршы айып салынбайт.

Украина менен Орусиянын газ баасына байланышкан чатагынан улам быйыл кышта Европага келген газ басымы кыйлага азайып, айрым өлкөлөргө атүгүл көгүлтүр от жетпей да калган. Ушул айдын башында Путин эгер Украина акчаны өз учурунда төлөбөсө, берилген газдын өлчөмү кыскартыларын кайрадан эскерткен эле. Кечээги сүйлөшүүлөрдө Тимошенко экономикалык кризис кыйынчылыктарды жаратканын моюнга алганы менен Украина газ үчүн өз учурунда жана толугу менен төлөөрүн убада кылды.

XS
SM
MD
LG