Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Президент убада кылган башкаруу системасы реформаланды. Андан система өзгөрүп, “реформаторлордун режимдин тетигине” айлануу жолоюна чекит коюлдубу?

Кыргыз бийлигинде натыйжалуу башкаруу эмес, бийликти бекем кармоо филосософиясы негизги орунда турат. Дал ушул нерсе мурунку
президент Аскар Акаевдин да, азыркы президент Курманбек Бакиевдин да реформаларынын түпкү максатын да, акыркы натыйжасын да аныктап, түзүп келатат.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн бийлик системасында баланстын жоктугу, президенттик бийликтин көптүгү, анын жоопкерсиздиги айыпталып келген. Бул айыптоолор айрыкча президенттик администрацияга багытталып, ал өкмөт үстүндөгү өкмөт катары бааланып келген.

Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоону президенттик администрацияны жою менен баштады. Бирок администрациянын жоюулушу менен президенттик бийлик ого бетер чыңдалып, өкмөт, Жогорку Кеңеш алсырады. Ири бюджетке ээ болгон Өнүктүрүү, инновация жана инвестиция боюнча борбордук агенттик өкмөттөн жогору көтөрүлүп, парламенттин көзөмөлүндө болбой турган болду.

Курманбек Бакиевдин башкаруу системасын реформасы өнүктүрүү жагын уулу Максим жетектеген Өнүктүрүү агенттигине берүү, күндөлүк чарбалык ишти Данияр Үсөнов жетектеген өкмөткө берүү менен чектелүүдө. Бул Бакиев айткандай ”реформаторлордун” системанын бир бөлүгүнө айлануусун токтото алабы? Чындыгында системалык өзгөрүү болдубу деген суроолор пайда болууда.

Саясат таануучу Марс Сариев бул суроого мындай жообун берди:

-Реформа башталды. Бирок система өзгөрө элек. Азырынча реформа декларация менен чектелүүдө.Анын үстүнө реформа жөнүндө айтылган декларация менен ашырылып жаткандын айырмасы чоң. Чынын айтканда мен реформаны көргөн жокмун.

Дагы бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев реформа башталып жатканын айтып, буларга токтолду:

- Реформа жаңы эле башталып атат. Бирок кыргызча айтканда “чү дегенде эле ээрде көчүгү кыйшык болчу” дегендей болуп жатпайбы. Бийлик дароо бир кишинин колуна топтолуп жатат. Анан ушул жерде параллелдүү өкмөт пайда болуп атат. Бир көмүскө өкмөт, экинчиси Данияр Үсөнов башында турган “жүгүрүк” өкмөт. Аларда реалдуу бийлик жок, бирок жоопкерчилик бар. Беркилерде бүт бийлик, бирок эч нерсеге жооп бербейт. Реформа ушундай кылып бөлдү.

Мындай шартта Кыргызстанда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу жөнүндө сөз кылууга болбойт дейт Молдалиев:


- Ал жөнүндө сөз кылууга да болбой калды. Анткени бизде көз карандысыз сот системасы жок. Жогорку Кеңештин абалы болсо баарыбызга белгилүү. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин деле өмүрү кыскарып калды окшойт.

Марс Сариев да кыргыз бийлигинде баланстын жоктугуна кошулат:

- Менимче, азырынча баланс жок. Андай парламентте да жок. Ал жерде да бийликтин “Ак жол” партиясы үстөмдүк кылып турат. Оппозиция иш жүзүндө да жок. Ошондуктан бизде тең салмактуулук системасы иштебейт. Бизде жеке кишинин бийлиги болуп калды.

Жогорку Кеңеш болсо 20-ноябрда 70 жылдыгын белгиледи. Майрамдан кийин алар тарап, 30-ноябрда келишет. Ошону менен бийлик тараптан убада кылынган 60-70 мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү, Конституцияны жок дегенде болуп өткөн өзгөрүүлөргө ылайык келтирүү белгисиз мөөнөттөргө калып жатат.

Ошентип башкаруу системасын реформалоо азыркы мезгилде ушундай жагдайда турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG