Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

СДП фракциясы түшүндүрмө берди


Парламенттин 70 жылдык мааракесине эмнеге катышпагынын негиздеп Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясы бүгүн билдирүү таратты. Анда Социал-демократтар партиясы БЭКтин парламенттин 70 жылдык мааракесине байланыштуу кайрылуусун колдоого алаарын жарыялаган. Билдирүүдө СДП фракциясынын депутаттары өз электораттарынын кызыкчылыктарын коргойм деп саясий куугунтуктарга кабылып жатканын белгиленген. Анда эки жыл ичинде эле социал-демократтардан парламенттеги 11 депутат ичинен сегиз адам басым астында фракциядан сүрүлүп чыгарылганы, бир депутат киши колдуу болуп (Р. Шаботоев), экөө (К. Кадыров, Б. Бешимов) саясий качкынга айланып, четтен башпаанек издеп жүргөнү айтылат. Ошондой эле фракция бүгүнкү кайрылуусунда отун-сууга болгон баанын көтөрүлүшүнөн кийин эми турак жайга болгон салык ишке кирээрин, күнүмдүк жашоодо керектелүүчү товарлардын кымбатташы күтүлөөрүн белгилейт. СДП Жогорку Кеңеште бийликтин партиясы эсеби жок кожоюнчулук кылууда, мына ушундай шартта фракция парламенттин 70 жылдык мааракесине катышуудан баш тартты деп түшүндүрөт. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG