Кризистик борборлордун ассоциациясынын аткаруучу деректири Чынара Термечикованын билдиришинче, мындай акция бүткүл дүйнө жүзүндө 1991-жылдан бери, ал эми Кыргызстанда акыркы 15 жылдын ичинде өткөрүлүп келүүдө. Зомбулукка каршы 16 күндүк акция буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар, кризистик борборлор тарабынан өткөрүлүп келсе, жакындан бери мамлекеттик уюмдар да тартылууда.
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 25-ноябрь Аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн эл аралык күнү деп белгиленген. Ал эми 10-декабрь - Адам укуктарынын күнү. Дал ушул 25-ноябрдан 10-декабрга чейин 16 күн аралыгында гендердик зомбулукка каршы акция өтүп келет.