Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Кыргызстанда чочко тумоосуна чалдыккандардын саны 61ге жетти


Эпидемиолог Зуридин Нурматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, алардын басымдуу бөлүгү убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында айыгып кетти. Учурда 5 адам дарыланып, эки-үч күндө ооруканадан чыгарылат. Зуридин Нурматовдун билдиришинче, учурда Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан бөлүнчү чочко тумоосуна каршы вакцинаны күтүп жатат. Вакциналар декабрь айынын аягында келип калышы күтүлүүдө. Бул жаңы илдетке туруштук берүү үчүн адамдарда иммунитет жок болгондуктан, эмдөө иштери январь айынан апрель айына чейин жүргүзүлө бермекчи. Мындан тышкары жакынкы күндөрдө Кытайдан Кыргызстанга тумоодон сактануучу миллион даана бет кап келди. Адистин билдиришинче, бүгүнкү күндө чочко тумоосунун жеңил түрү менен ооругандар катталды. Илдеттин оор формасына кабылгандар болгон жок.

XS
SM
MD
LG