Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Ири мамлекеттер Ирандан көңүл калганын билдиришти


Ирандын өзөктүк программасы боюнча Улуттар уюму Тегеранга сунуш жиберген эле. Ага ылайык, Иран уранды өзүндө байытпай, уранын Орусия менен Францияда байытмак. Бирок бул сунушту Тегеран четке какканын алты тараптуу сүйлөшүүнүн катышуучулары – Британия, Франция, АКШ, Германия, Орусия жана Кытай – көңүл калтырарлык окуя катары кабыл алышканын билдиришти. АКШнын президенти Барак Обама Иранга каршы жакынкы апталарда чара көрүлөөрүн эскерткенден кийин, алты мамлекеттин өкүлдөрү чогулушкан болчу. Биргелешкен билдирүүдө алар Иранды чечимин кайра кароого чакырышты.

XS
SM
MD
LG