Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Кытай шахтысындагы кырсыктан курман болгондор бар


Кытайда шахты кырсыгында курман болгондор саны 100дөн ашты.Кырсык 21 –ноябрь күнү өлкөнүн түндүк –чыгышындагы Хэган шаарында болгон. Андан бери дегенде 104 адам каза тапты. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражатарынын кабарларына караганда, жарылуу учурунда жер алдында 500дөй кенчи жүргөн. Куткаруучулар урандылар алдында калды деп эсептелгендерди издөөдө. Ал эми аман калгандардын айтымында, жарылуу газдын топтолуусунан улам болгон. Курмандыктардын саны жагынан бул жарылуу Кытайдын тоо-кен өнөр-жайында акыркы эки жыл ичи катталган эң ири кырсык болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG