Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Муздагы камоодон чыккан орус кемеси Аргентинанын портуна жетти


Аргентинанын портуна кечээ жеткен “Капитан Хлебников” кемеси анын алдында Антариктиданын түндүк-чыгыш бөлүгүндө төрт күн (16-20 –ноябрь) музда камалууга аргасыз болгон. Кеменин бортунда экипаждын 88 мүчөсү жана 105 турист, көбүнесе британиялыктар бар эле. Кемеге ээлик кылган компания өкүлдөрүнүн айтымында, кемедегилердин баарынын акыбалы жакшы. Туристтерге болсо сууда жүрүүдөгү кыйынчылыктар алардын саякаты узарып кетишине алып барышы мүмкүн экендиги жөнүндө такай эскертилип турган.

XS
SM
MD
LG