Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:43

Иран абадан коргонуу боюнча ири аскерий машыгуу баштады


Кеңири масштабда кечээ башталган аскерий машыгуулар өлкөнүн өзөктүк жайларын коргоого багытталган. Мамлекеттик теленин билдиргенине караганда, беш күнгө созулуучу машыгуу Ирандын аймагынын үчтөн бирин камтуу менен өлкөнүн борбордук, батыш жана түштүк бөлүктөрүндө өткөрүлөт. Аскер –аба күчтөрүнүн генералы Ахмад Мигханинин айтымында, машыгууда камтылуучу аймактарда Ирандын өзөктүк жайлары жайгаштырылган. Ал эми тандалма аскерий бөлүк - Революциялык сакчылар корпусундагы колбашчылардын бири Амир Али Хажизаде машыгуунун башталышы менен эгер Израилдин аскерий учактары сокку урса, Ирандын абадан коргонуу системасы аларды жок кыла аларын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG