Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Румыниядагы президенттик шайлоодо экинчи айлампа талап кылынат


Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун же экзит-поллдордун жыйынтыгына караганда, кечээги шайлоодо Румыниянын азыркы президенти Траян Бэсэску 33-34%, ал эми башкы атаандашы, Социал-демократиялык партиянын лидери Мирча Жоана 31-32% добуш топтогон. Алар эми шайлоонун 6-декабрга белгиленген экинчи айлампасында ат салышат.

Эки талапкер тең азыркы шайлоону 1989-жылы коммунисттик режим кулагандан берки эң маанилүү саясий өнөктүктөрдүн бири деп эсептешет. Шайлоо өлкөгө өткөн айда өкмөттүн кызматтан кетүүсүнөн кийин түзүлгөн саясий кризистен чыгууга да жардам бериши керек. Шайланган президент премьер- министрди дайындайт. Ал жаңы өкмөттү курайт. Өткөн айда румын өкмөтүнүн чачырап кетиши өлкөгө Эл аралык валюта корунан 20 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардамдын келишин кечеңдетүүдө.

Кечээ румын шайлоочулары референдум үчүн да добуш беришти. Ага депутаттардын санын кыскартуу жана парламентин бир палатасын жоюу маселеси коюлган.

XS
SM
MD
LG