Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

СДП: Тариф боюнча өкмөттүн токтому токтотулсун


Социал-демократиялык фракция бүгүн билдирүү менен чыгып, анда электр энергиясына жана жылуулукка бааларды көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу талабы коюлду. Кыргызстандын укуктук-нормативдик актылары тууралуу мыйзамга ылайык, өкмөттүн токтому кабыл алынардан бир ай мурун коомчулукка талкууга коюлууга тийиш. Тарифтер боюнча токтом ал талапты бузуу менен кабыл алынды, деп белгиленген билдирүүдө. Социал-демократтар ошондой эле өкмөт бааларды көтөрүү менен бюджеттин 12 млрд. сом таңсыктыгын элдин эсебинен жабууну жана энергетикалык ишканаларды сатууну көздөп жатканын белгилешкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG