Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Кыргыз-өзбек чек арачылары күзөткө бир чыгышы мүмкүн


Кыргызстан чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматы кээ бир аймактарда чек ара тилкесин биргелешип кайтаруу боюнча моделди иштеп чыгып жатышат. Бул маселе эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 20-ноябрда Ош шаарында өткөн жыйынында талкууланды. Эки өлкөнүн чек арачылары ушул жыл соңунан тарта кээ бир чек ара участокторунда биргелешип күзөткө чыгышы күтүлүүдө. Жыйында тараптар ошондой эле оперативдүү маалымат алмашуу, чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча да пикир алмашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG