Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Карзай согушкерлерди курултайга чакырышы ыктымал


Хамид Карзай согушкерлерди Элдик курултай же Лойя Жыргага катышууга чакырышы мүмкүн. Ооган президентинин кеңсеси билдиргенине караганда, муну менен Карзай талиптер менен жарашуу максатын көздөп жатат. Ройтерс агенттиги президенттин маалымат катчысы Хамид Элмиге шилтеме жасап кабарлагандай, өкмөт эки жолду караштырып жатат. Атап айтканда, согушкерлер менен жарашуу маселесин Лойя Жыргада өлкөнүн чар тарабынан келген оогандар талкуулашышы мүмкүн же болбосо айрым согушкерлер курултайга катышууга чакырылат. Элминин ырастоосунда, Карзай жыйынды эмки июнга белгиленген парламенттик шайлоого чейин өткөрүүнү көздөп жатат. Талиптердин лидерлери чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан чыгарылмайынча Карзай менен сүйлөшпөй турганын ырасташууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG