Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Түндүк Кавказда стабилдүүлүк жок


Бул тууралуу Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча комиссарынын Страсбургдан жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Чеченстан жана Ингушетияга жакында эле барып келген Томас Хаммарбергдин баяндамасында “Түндүк Кавказ чөлкөмүндө стабилдүүлүк орнобогону”, Орусиянын бул аймагынын бийликтери коррупцияга каршы жана адамдын негизги укуктарын коргоо жаатында көбүрөөк иш жүргзүүсү керектиги белгиленет. Ошондой эле баяндамада Түндүк Кавказда мыйзамсыз куралдуу топтордун активдүүлүгү өскөнү, дайынсыз жоголгон жана киши колдуу болгон адамдардын иши натыйжалуу тергелбей жатканы, адам укугун коргоочулардын өлтүрүлүшү өзгөчө тынчыздануу жаратары да көргөзүлгөн.

XS
SM
MD
LG