Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

АКШда жек көрүүчүлүк негиздеги кылмыштардын саны өсүүдө


АКШнын Федералдык тергөө бюросунун билдиргенине караганда, өткөн жылдын жыйынтыгында кумсаларга жана диний тайпаларга каршы кылмыштар саны кескин көбөйгөн. Мунун ичинен сексуалдык ориентация менен байланышкан жек көрүү кылмыштары 11%га жакын, ал эми динге байланышкан жек көрүү кылмыштары 11%га өскөн. Ал эми расалык жүйөөдөн улам жасалган жек көрүү кылмыштары 1%дан бир азга төмөндөгөн.

Жек көрүүдөн улам жасалган кылмыштардын баардык категориясын алганда, алардын үчтөн бир бөлүгүн вандализм же мүлккө зыян келтирүү түзөт. 30%дайы коркутуунун кандайдыр бир түрү, дагы 30%ы кол салуулар. Жалпысынан Федералдык тергөө бюросуна келип түшкөн маалыматтар боюнча АКШда былтыр жек көрүүчүлүк негиздеги кылмыштын 7783 фактысы катталган же көрсөткүч мурдагыдан 2%га көбөйгөн. Адам өлтүрүүнүн жети фактысы жек көрүүчүлүк негиздеги кылмыш деп бааланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG