Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Түркмөн президенти Италиядагы сапарын баштады


Гурбангулы Бердымухаммедовдун бүгүн башталып жаткан эки күндүк сапары Италия менен Түркмөнстандын энергия жаатындагы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт. Анын жүрүшүндө Бердымухаммедов Италиянын бир катар расмий өкүлдөрү, анын ичинде премьер- министр Сильвио Берлускони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү жана бир нече келишимге да кол коюлары күтүлүүдө. Түркмөн тарап бул иш сапарды Ашхабад менен Евробиримдиктин ортосунда конструктивдүү диалогду кеңейтүү багытындагы маанилүү кадам катары баалоодо. Евробиримдик учурда Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн газын Европага Орусияны катыштырбастан алып келүүнү мерчемдеген Набукко газ куурунун курулушун кызуу колдоп жатат.

XS
SM
MD
LG