Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Бразилия президенти дүйнөнү Иран менен карым – катнаш түзүүгө үндөдү


Луиз Инасио Лула да Силва кечээ Ирандын Бразилияга келген президенти Махмуд Ахмадинежад менен кездешти. Анын айтымында, Иран жана Батыш өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасына байланышкан талашын жөнгө салууда “адилет жана тең салмактуу” жолду табышы керек. Ахмадинежад менен бирге өткөргөн басма сөз жыйында Лула да Силва Бразилия Ирандын эл аралык келишимдерге ылайык өзөктүк программаны тынч максатта өнүктүрүү укугун таанырын белгиледи. Ахмадинежад болсо өз сөзүндө өлкөсү өзөктүк программаны улантарын ишара кылды. Эгер Иран уран байытуу боюнча технологияны четтен сатып алалбай турган болсо, өзүнүкүн өнүктүрөрүн айтты.

Бул аралыкта Махмуд Ахмадинежаддын Бразилияга келүүсүнө жана Ирандагы адам укугун бузууларга нааразылык билдирип, Брасилиа жана Рио-де-Жанейро шаарларында жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыкты.

Түштүк Америка боюнча сапарга чыккан Махмуд Ахмадинежад Бразилиядан соң Венесуэла менен Боливияга да барат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG