Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча сүйлөштү


Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, өткөн жумада Тажикстанда мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйыны болду. Анда 14 чакырым келген чек ара тилкеси аныкталды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым келет. Анын ичинен 503 чакырымы аныкталган. Эки тарап кезектеги жолугушууну келерки жылы Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG