Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Боснияда өнүгүү бошоң


Жогорку өкүл Валентин Инцко Босния-Герцеговинада саясий талаштар күч алып,өнүгүү иши өксүп жатат деп эсептейт.
Жогорку өкүл Валентин Инцко Босния-Герцеговинада саясий талаштар күч алып,өнүгүү иши өксүп жатат деп эсептейт.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана Евросоюз Босния-Герцеговинадагы атаандашкан тараптарды биргелешип иштөөгө чакырды. Уюмдун бул өлкөдөгү жогорку өкүлү азыркы кырдаалды "кооптуу жана дүмөктүү" деп сыпаттады.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында баяндама жасап, Улуттар Уюмунун Босния-Герцеговинадагы Жогорку өкүлү, австриялык дипломат Валентин Инцко конфедертивдүү бирикмеде кыйын-кычык кырдаал түзүлгөнүн, жергиликтүү бийликтер өлкөнүн алдында турган милдеттерди өз алдынча чечкенге жөндөмсүз экенин белгиледи.

"Босния-Герцеговинадагы өнүгүү иштери ушу тушта практикалык проблемаларга эмес, саясий талаш-тартыштарга негиздене баштады",- деп көрсөттү Инцко. Чечиле элек саясий актуал проблемаларды курчутуп жатканы үчүн ал конфедерациянын курамындагы Серб республикасын күнөөлөдү.

Жогорку өкүлдүн айтымында, "Серб Республикасынын жетекчилиги мамлекет менен бирикмелердин бийликтери ажыратылганын, алардын мандаттары так аныкталганын, ар ким өз милдетин аткарып, ошол эле учурда баары бирин бири толуктап турушу керектигин түшүнө алган жок".

Инцко конфедерациядагы үч тараптуу бийликтин жана мамлекеттик түзүлүштөрдүн өзүндөгү чаташкан жагдайларга да көңүл бурду. Ошонун айынан саясий проблемалар көп чыгат, ушу күнгө чейин өлкөнү евро-атлантикалык коомчулукка кошуу, эл аралык администрациянын кеңсесин жабуу маселелерине байланыштуу бир катар мыйзамдар кабыл алына элек.

Жакында босниялык сербдер менен мусулман-хорват федерациясындагы саясий партияларга конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунуш кылынып,эгер алар колдоого алынса, анда өлкөнү Евросоюзга кошконго шарт түзүлөрү айтылган эле. Бул темада эки ирет сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, бирок конфедерациядагы партиялар сунуш кылынган түзөтүүлөргө макул болбой коюшту.

Евросоюздун Улуттар Уюмундагы миссиясына ушу тапта жетекчилик кылып жаткан швед дипломаты Андерс Линден Босния-Герцеговинада ички саясий процесс чечүүчү мөлчөргө жеткенин, эми өлкөнү шаркетке жана НАТОго кошуу жолунда өз ара мунаса, жалпы чечимдер керектигин билдирди.

Босниянын министрлер кеңешинин төрагасы Никола Шпирич эл аралык жогорку өкүлдүн докладында айтылган тыянактар менен бүтүмдөргө караманча кошулган жок. Инцконун пикирлерин ал үстүрт таасирге таянган, жагдайды жакшы билбеген адамдын көз карашы деп атады. Шпирич босниялык сербдер жалпы маселелердин чечилишине оң салым кошот деп ишендирди.

Евросоюздун Босния-Герцеговинадагы стабилдештирүү күчтөрүнүн мандатын Коопсуздук Кеңеши 18-ноябрда дагы бир жылга узарткан эле. Еврошаркеттин бул миссиясына Дейтон тынчтык келишиминин аткарылышын камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG